
Атап айтканда, 2010-жылы Балбай айылдык аймагында жайыт максатында 5 гектар жер участогу мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Мындан тышкары, 1997-жылы Түп айылында айыл чарба максатында 0,10 гектар жер участогу мыйзамсыз автозаправка станциясын куруу үчүн берилген.