Женская волейбольная сборная Кыргызстана өзүнүн экинчи матчын Тайландда өтүп жаткан жаштар Азия чемпионатында өткөрдү. 18 жашка чейинки спортчулар катышкан турнир Накходратчасима шаарында өтүп, континенттен 16 команда жыйналган.
2-июлда группалык этаптын экинчи турунун оюндары өттү. Тренер Абдухамид Айсахожиевдин жетекчилигинде кыргызстандык кыздар Казакстан командасы менен беттешип, тилекке каршы, 0:3 эсебинде жеңилип калды.
Эскерте кетсек, биринчи турунда Кыргызстан командасы Кытай командасына да жеңилип калган.
Экинчи турунун жыйынтыктары, 2-июл:
Кыргызстан - Казакстан — 0:3 (15-25, 16-25, 15-25)