Жетим-Бел тоосунда, Ысык-Көл облусунда жана «Каракол» мамлекеттик табият паркынын аймагында кар барысы, рысь, тоо эчки, косуля жана жапайы кабан байкалган. Бул маалыматтар регионго орнотулган фотокапкандар аркылуу белгилүү болду. Маалыматты Табият ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги берди.
Фотокапкандар 2025-жылдын октябрь айында министрлик менен NABU Кыргызстан коомдук фонду арасындагы кызматташтыктын натыйжасында орнотулган. Жабдыктарды демонтаждоо иштери 2026-жылдын 22-28-июнь күндөрү жүргүзүлгөн.

Учурда адистер алынган маалыматтарды иштеп чыгууда жана талдап жатышат. Бул жапайы жаныбарлардын жайылышы жана жашоо чөйрөсү тууралуу маалыматты тактоого мүмкүндүк берет.