Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордун адистери Кыргызстандын жарандарына бөйрөк коликасында биринчи жардамдын маанилүүлүгүн жана дарыгерге убагында кайрылуунун зарылдыгын эскертти.
Медиктердин пикири боюнча, бөйрөк коликасы жамбаш же бел аймагында, көбүнчө бир тарапта, катуу ооруну билдирет. Мындай ооруну башынан өткөргөн адамдар, адатта, аны тез эле тааный алышат.