Кыргызстан жана Индонезия экономикалык байланыштарды чыңдоону пландаштырууда. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Султан Ахматовдун Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Анис Матта менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Сүйлөшүү учурунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечеги жана товар жүгүртүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Султан Ахматов Жогорку Кеңеште Евразия экономикалык биримдиги жана анын мүчөлөрү менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода келишимин карап жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Ал Индонезиянын Кыргызстан үчүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты.