Кымбат таксилерге альтернатива - Бишкекте түнкү автобустар ишке кирет

Жол киреси 70тен 90 сомго чейин болот



Бишкекте түнкү автобус рейстерин тесттик режимде ишке киргизүү башталды. «Тулпар» долбоорунун орун басары Бекжан Акматбеков жаңы маршруттарда дифференцияланган тариф колдонулуп, ал акчасыз төлөмдү колдонууну стимулдаштырат деп билдирди.


Түнкү убакта жол кирелери төмөнкүдөй:


- Акчасыз төлөм («Тулпар» картасы, QR-код, банк карталары) — 70 сом;


- Наличный төлөм — 90 сом.


Акматбековдун айтымында, алты атайын иштелип чыккан маршрут боюнча рейстердин тесттик ишке кириши жакынкы күндөрдө пландалууда. Жол схемалары даярдалды, жана жакын арада Бишкек мэриясы расмий маршруттардын тизмесин жана иш графиктерин жарыялайт.


Түнкү автобустар 22:00дөн 05:00гө чейин, болжол менен 40 мүнөт аралыгында жүрөт. Жаңы тармак борбордун негизги жана тыгыз эл жашаган райондорун байланыштыруусу күтүлүүдө, кечки убакта коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.


Сүрөт www