Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасынын асма жолдорунун алгачкы техникалык сыноосун баштап берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.