
Мамлекет Ысык-Ата курортунда мыйзамсыз жеке колго өткөрүлгөн конок үйдүн имараты жана жер тилкесин кайрадан өз менчигине алды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Ысык-Ата районунун көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда 2005-жылы 2 128,48 кв. м аянтка ээ 5 кабаттуу конок үйдүн имараты жана 0,10 га аянттагы жери мыйзамсыз катталгандыгы аныкталды. Бул объектилер популярдуу курорттун аймагында жайгашкан.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик менчикке кайтарылган мүлктүн наркы 112 миллион сомду түзөт.