Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча долбоор сунушталгандан кийин талаш күчөдү. Э жана Е тамгаларынын колдонулушу, жазылышы боюнча талаш-тартыш болууда. Жазуу эрежелерин өзгөртүү же жөнөкөйлөштүрүү маселеси эмнеге ушул талашка байланып калды. Жазуу эрежелерин кантип жөнөкөйлөштүрсө болот? Кыргызча сабаттуу жаза албай калгандардын көбөйүп жатышы эмнеден кабар берет? Бул суроолорду филология илимдеринин доктору Уулкан Камбаралиева, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу Бурул Сагынбаева,...