“75чилердин каты” боюнча айыпталып камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан эркиндикке чыккандан кийин журналисттерге комментарий берди.Ал өкүмгө байланыштуу мындан кийинки иш-аракети кандай болорун адвокаты менен кеңешкенден кийин кабыл аларын айтты.“Бийликти басып алуу аракети болгон эмес. Азыр мен 66 жаштамын. Ушунча жыл мамлекетти куруп келгенбиз. Дагы эле мамлекетке кызмат кылабыз. Бийликти колдоп келгенбиз”, - деди...