"75чилердин" каты боюнча иште 2-июлдун кечинде өкүм чыкты. Судья Азирет Медеров айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Үч жылдан пробация берди.