Биринчи күнү үч жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» ай сайынгы жөлөк пулга арыздарды кабыл алуу боюнча 14 318 кайрылуу катталды. Бул маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы берилген арыздардын 13 782си бекитилди, бул 96,2% түзөт. Өз кезегинде, 536 арыз боюнча, бул 4%га туура келет, баш тартуу чечими кабыл алынды. Башкы баш тартуу себептери мамлекеттик маалымат системаларындагы маалыматтардын туура эместиги болду.
Президенттин Указы менен киргизилген жаңы жөлөк пулга арыздарды кабыл алуу 1-июлдан башталды. Арыздарды кабыл алууну Эмгек министрлиги «Тундук» ААКсы менен кызматташтыкта жүргүзүүдө.
89%дан ашык арыздар, тактап айтканда 12 205, мобилдик колдонмо аркылуу берилген, ал эми 1 577 кайрылуу кагаз түрүндө келип түштү.