Британиялык актер Том Харди Czarface хип-хоп тобу менен кызматташып музыкалык альбом чыгарууга даярданып жатат. Бул тууралуу Rolling Stone маалымдады.
Жаңы альбом Czarface Meets Frankie Pulitzer деп аталат, Харди анда Фрэнки Пулитцер деген псевдоним менен чыгат. 90-жылдардын хип-хопу менен шыктандырылган пластинкада Busta Rhymes жана Method Man сыяктуу белгилүү рэперлер менен кызматташуу кирет.