2-июлда Мырзаке — Кара-Кульджа — Алайкуу жолунун 106-110-километрлеринде сел агып, убактылуу кыймыл токтоду. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бул аймакта жолду тазалоо боюнча ыкчам аракеттердин натыйжасында бир тараптуу кыймыл калыбына келтирилди.
Мындан тышкары, сел агымы Терек — Чаты — Терек жолунун 5-километрине чейин болгон участокто да агып, убактылуу кыймылдын бөгөттөлүшүнө алып келди.
Учурда бул участокто транспорт инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда.