Первомай соту «75-кат» боюнча өкүмдү түшүндүрдү

Первомай райондук соту «75-кат» деп аталган иш боюнча өкүмдүн деталдарын сунуштады. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Камчыбек Ташиев, Тургунбек уулу Нурланбек жана Курманкул Зулушев 337-берененин негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча акталды. Ошондой эле Талгарбеков Бекболот, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев жана Эмилбек Узакбаев окшош беренелер боюнча күнөөсүз деп табылды, анткени алардын аракеттеринде кылмыштын курамы аныкталган жок.

Кээ бир беренелер боюнча акталганына карабастан, сот Ташиевди, Нурланбектин жана Зулушевди Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 42-беренесинин 2-бөлүгү, 36-беренеси жана 326-беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Аларга төрт жыл абак жаза, мүлкүн конфискациялоо жана жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жаза өтөө белгиленди.