
Бүгүн борбордо чоң спорттук окуя болот
Бишкекте 3-июлда өтө турган профессионалдык бокс кечесине арналган пресс-конференция өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Абдрахманович Маматалиев колдоду.
Пресс-конференцияда бокс легендасы Эвандер Холифилд, Олимпиада чемпиону жана мурдагы дүйнө чемпиону Александр Поветкин, турнирдин уюштуруучулары, ошондой эле титулдук беттештерге даярданып жаткан спортчулар сөз сүйлөштү.
Эвандер Холифилд, жолугушууну ачып жатып, уюштуруучуларга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстанга биринчи жолу келгенине кубанычын билдирди. Ал: «Мен бул жерде болгонума абдан кубанычтамын. Сиздин өлкөңүз, анын адамдарымен таанышуу жана бул чоң спорттук окуянын бир бөлүгү болуу мен үчүн чоң сыймык» - деди.
Александр Поветкин да иш-чаранын маанисин белгилеп, көрүүчүлөрдү унутулгус бокс кечеси күтүп турганына ишеними бар экенин айтты.
Конференциянын алкагында катышуучулардын биринчи жолу рингге чыгууга даярдыктарын көрсөтүү үчүн face to face салтанаты өттү.
Бүгүн бокс күйөрмандары титулдук беттештерди, ошондой эле Эвандер Холифилд менен Александр Поветкиндин катышуусун көрө алышат. Уюштуруучулар бул турнир Кыргызстандагы профессионалдык бокс тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири болот деп ишенишет.
Сүрөт www
