Бишкекте Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, жергиликтүү реформаларды жана инвесторлорду колдоо механизмдерин талкуулоо максатында Улуттук инвестиция агенттигинин төрагасынын орун басары Мээримбек Койчуман уулу Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Анис Маттой менен жолугушту.

Переговорлордун жүрүшүндө кыргыз тарап учурдагы реформалар жана биргелешкен долбоорлор үчүн артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат берди. Чет элдик инвестицияларды тартуу, ислам финансирлөө, халал-индустрияны жана санарип экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.