Нью-Йорктогу аномалдуу ысыктан асфальт эрип баштады

Нью-Йорктогу аномалдуу ысыктан асфальт эрип баштады. Бейшемби күнү шаардагы температура 38 градус Цельсийге жетти, жана метеорологдордун болжолдоосуна ылайык, ысык температуралар 44 градуска чейин жетип, жекшембиге чейин сакталат.
Экстремалдуу температуралардын кесепетинен кээ бир көчөлөрдө асфальт жабындысы жабыркап, ал ушунчалык жумшак болуп калды, аны кол менен да бузууга болот.