Бишкекте соттолгондор швея жана бариста кесиптерин үйрөнүштү






Бишкекте соттолгондорго «Швея» жана «Официант-бариста» адистиктери боюнча профессионалдык билим берүү сертификаттары тапшырылды. Бул окуя беш айлык окуу программасынын ийгиликтүү аякташынын натыйжасында мүмкүн болду, ага 61 адам катышты. Алардын ичинен 35 соттолгон «Официант-бариста» квалификациясын алса, 26 адам «Швея» кесибин үйрөнүштү.

Жазаларды аткаруу кызматында 23 багыт боюнча билим алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. 2025–2026-окуу жылында түзөтүү мекемелеринде кесиптик билим алууга 722 соттолгон кабыл алынды. Адистикке жараша, окуу мөөнөтү 5тен 10 айга чейин созулат.