Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2595ке жетти

Венесуэладагы күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2595ке жетти. 1-июлда 2295 каза болгон адам тууралуу маалымат берилген, жана дээрлик 11,3 миң жаран кыйроолордун натыйжасында жабыркаган. Убактылуу президент Делси Родригес издөө иштеринин улантылып жатканын жана кыйраган жерлердин астында тирүү калган адамдарды табуу үмүтү бар экенин белгиледи.
Забыркаган региондорду калыбына келтирүү үчүн 200 миллион долларды түзгөн МВФ менен биргеликте мамлекеттик Фонд түзүлгөн.
Венесуэланын аймагында 24-июнда 7,2 жана 7,5 магнитудасы менен эки жер титирөө болгон. Андан кийинки күндөрдө 782 афтершок катталган. Кыйроолор борбор Каракасты гана эмес, Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарын да камтыган. Эң көп жабыркаган шаар Ла-Гуайра болуп, анда 100дөн ашык имарат кыйраган.