Баткенде жайыт жерлерин мыйзамсыз пайдалануу аныкталды






Баткен облусунда жайыт жерлерин мыйзамсыз пайдалануу фактысы катталды. Кыргыз Республикасынын Су ресурстары жана айыл чарба министрлиги, Раззаков шаарында жашаган жаран тарабынан 600 чарчы метр аянтта, короону куруу үчүн арналган жердин топурагын өз алдынча өзгөртүп салгандыгын аныктады.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, мыйзам бузууга байланыштуу административдик укук бузуулар боюнча протокол түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, ага 5,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, жайыт жерлерине келтирилген зыян 84,2 миң сомго бааланды.