Бишкекте мыйзамсыз курал жана ок-дарыларды сактоодо шектелген эркек киши кармалды. Бул тууралуу маалымат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан алынды.
Маалыматтарга ылайык, Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде укук коргоо органдары Toyota Corolla маркасындагы унааны текшерүү үчүн токтотушкан.