Бүгүн, 3-июлда, Кыргызстандын аялдар волейбол командасы Тайландда өтүп жаткан жаштар Азия чемпионатында үчүнчү оюнун өткөрөт. 18 жашка чейинки спортчулар катышкан турнир Накхонратчасима шаарында өтүп, эки топко бөлүнгөн 16 команданы бириктирет.
Топтук этаптын акыркы турунун алкагында кыргызстандыктар Абдухамид Айсахожиевдин жетекчилиги астында Гонконг командасы менен беттешет. Эки команда да мурдагы оюндарында Кытай жана Казахстан командаларына 0:3 эсебинде жеңилип калган.