Салык эмес, кепилдик. Неге адистер бүгүнкү күндө турак жайды камсыздандырууну сунушташат

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму өткөн жылы жарандарга жана юридикалык жактарга 400 миллион сомдон ашык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөнүн билдирди. Бул суммада ОСАГО полистери боюнча төлөмдөр 100 миллион сомдон ашык болду. «Кабар» агенттигинде өткөн иш-чарада жалпы суммасы 3 миллион 195 миң 732 сомду түзгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнө сертификаттар тапшырылды, анын ичинде өрттөн жабыркаган турак жай ээсине 792 миң сомдон ашык каражат бөлүндү.

ГСОнун төрайымынын орун басары Алима Нурланова камсыздандыруу полисинин болушу жарандардын өзгөчө кырдаалдарда финансылык коргоосун камсыздай турганын белгиледи.