Бишкекте милиция кызматкерлери мыйзамсыз ок атуучу курал жана ок-дарыларды сактоо фактыларын аныкташты. Оперативдик маалыматтар жергиликтүү тургундардын биринин тыюу салынган буюмдарды өзүндө кармап жүргөндүгүн көрсөттү. Ушундан улам, КРнын Кылмыш кодексинин 267-беренеси боюнча курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде Криминалдык милиция башкармалыгынын кызматкерлери Toyota Corolla унаасын токтотушту. Унаанын арткы отургучунда жүргүнчүлөрдүн бирине таандык спорттук сумка табылды.