```html











2026-жылдын 2-июлунда Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Межбанктар бирикмесинин XXII жыйыны өттү. Бул жыйын Элдик Банк тарабынан уюштурулуп, анын төрагалыгынын алкагында өткөрүлдү. Иш-чарага Индия, Кытай, Пакистан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Тажикстан банктарынын делегациялары, ошондой эле ШКУнун секретариатынын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип каржылоону, ошондой эле «жашыл» экономика тармагында туруктуу каржылоону талкуулашты. Мындан тышкары, ШКУ алкагында өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү маселелери да талкууланды.