Бишкекте пилоттук режимде биринчи түнкү автобус маршруттары ишке кирет

Бишкекте 3-июлдан баштап, саат 23:00дө муниципалдык түнкү автобус маршруттарынын пилоттук долбоору башталат. Башкы шаардык администрация алты жаңы маршруттун ишке киргенин жарыялады: №3, №16, №19, №35, №45 жана №56, бул маршруттарда үч автобус иштейт.
Бул демилге шаардыктар жана коноктор үчүн кечки жана түнкү убакта коопсуз жана ыңгайлуу коомдук транспортту түзүүгө багытталган. Автобустар күн сайын саат 23:00дөн 05:00гө чейин алдын ала белгиленген график боюнча жүрөт.
Жол киреси банктык же транспорттук карталар аркылуу (ошондой эле QR-кодду колдонуу менен) төлөгөндө 70 сом, акча менен төлөгөндө 90 сомду түзөт.