Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык төлөм талаптарынын (НПТ) механизмин кантип иштээрин түшүндүрдү. Бул документ салык төлөөчүнүн мойнуна алган, бирок белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салык карызын өндүрүү үчүн банктарга жана электрондук акча операторлоруна жөнөтүлөт.

НПТнын негизги максаты — салык башкарууну жакшыртуу, салык милдеттенмелерин аткарууну жеңилдетүү, жарандардын убакытын үнөмдөө жана административдик чыгымдарды азайтуу.