Улуттук илимдер академиясы (УИА) кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча сунушталган долбоорду атайын түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыкканын билдирди. Мекеменин маалыматында кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерин кайрадан иштеп чыгуу ишин президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы көзөмөлдөгөн.Тил комиссиясынын 2025-жылдын 14-апрелиндеги №18 тескемеси менен 31 кишиден турган атайын эксперттик топ түзүлүп, орфографиялык эрежелерди иштеп...