2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча өкүм чыкты.Ишти караган судья Азирет Медеров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кести.Сот ушул эле...