Киевде бүгүн аза күтүп жатышат. Орус армиясынын бейшембиге караган түнү жапырт аткылоосунан каза тапкандардын саны 30 кишиден ашты, жүз чактысы жарадар болду.Украинанын Чукул кырдаалдар мамлекеттик кызматы жума күнү эртең менен дагы үч кишинин сөөгү алынып чыкканын маалымдады.Президент Владимир Зеленскийдин айтымында, дагы 10 киши дайынсыз, үч жерде урандылардан тазалоо, тирүү калгандарды издөө иштери уланып жатат. Анын маалыматына ылайык, 100дөн ашуун турак үй зыян тартты.Кыйраган турак...