Бишкекте ШОС жана ВИК саммитине даярдык катары имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери активдүү улантылууда. Биринчи Май райондук администрациясында Абдрахманова көчөсүндөгү 176-үйдүн жаңыланган фасады сунушталды.
Реставрация иштеринин алкагында фасадды боёо, сырттагы кондиционер блокторун жылдыруу, архитектуралык жарыктандырууну орнотуу жана кондиционерлер үчүн декоративдик себеттерди монтаждоо сыяктуу бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Иштерди ОсОО «Баркут» подряддык уюму аткарууда.