
Кыргызстандагы билим берүү системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу билим берүү, илим жана инновациялар министри Гулзат Исаматова «Кабарда подкаст» программасында билдирди. Ал көптөгөн өлкөлөрдүн мектептерде ИИни активдүү колдонуп жатканын, бул билим берүү процессин олуттуу модернизациялоого мүмкүндүк берерин белгиледи.
Министрдин маалыматына ылайык, АКШ жана Кытайдын ири компаниялары бул тармакта лидер болуп жатышат. Кытайда жасалма интеллект билим берүү процессине 6 жаштан киргизилсе, АКШда 8 жаштан башталат. Кыргызстан ушундай технологияларды киргизүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жана окутуу материалдары катары Google платформасындагы курстар жана Кытайдын Huawei компаниясынан 300 миңден ашык лекцияларды карап жатат.