
Бүгүн Бишкекте түнкү автобус маршруттары тесттик режимде ишке кирет, алар 23:00дөн 5:00гө чейин иштейт. Бул жаңылык шаардыктар жана борборго келген коноктор үчүн түнкү убакта транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган.
Жол киреси төмөнкүлөрдү түзөт:
- 70 сом — акчасыз төлөм (банк картасы, транспорт картасы же QR-код менен);
- 90 сом — акча менен төлөө.
Алгачкы этапта алты маршрут иштейт: № 3, 16, 19, 35, 45 жана 56, ар биринде үч автобус болот.
Шаардык бийликтин өкүлдөрүнүн айтымында, түнкү автобустарды ишке киргизүү шаарда түнкү убакта коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүнү камсыз кылат. Бул демилгенин негизги максаты — шаардыктарга жана туристтерге түнкү сапарлар үчүн ыңгайлуу альтернативаларды сунуштоо.
Пилоттук этаптын аяктагандан кийин шаардык бийлик түнкү маршруттардын тармагын кеңейтүү жана автобустарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
Сүрөт www