Аннексияланган Крымда Орусия орноткон Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы жана миграция маселелери боюнча башкармалыгы борбор азиялык төрт мигрантты депортация кылды. Алар орусиялык аскерлерге акарат келтирген жана куралдуу күчтөрдү дискредитация кылган деп күнөөлөндү.Маалыматка караганда, жумушчулар "Артек" балдар борборундагы курулушта иштеп жаткан. Жаңжал чыгып кеткенде алар башкалардын көзүнчө куралдуу күчтөр тууралуу терс сөз айткан деп кабарланды. Күбөлөр полицияга...