Мындан ары Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, акимдер жергиликтүү эл менен жылына эки жолу, ар бир жылдын февраль-март жана ноябрь-декабрь айларында милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 10-июнунда кабыл алган.Президент 10-апрелде беш күндүк иш сапары менен Ош облусуна барып, бир катар райондордо эл менен жолугушууларды өткөргөн. Мындай жолугушууларда эл көбүн эсе мектеп, бала бакча, жол, жер талаш сыяктуу көйгөйлөрдү...