«Кабарда подкаст» программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гулзат Исаматова Кыргызстандагы жаш илимпоздор үчүн бирдиктүү санариптик маалымат базасын түзүү тууралуу жарыялады. Бул демилге өлкөдөгү 72 илимий-изилдөө институтунда иштеп жаткан адистер тууралуу маалыматты бириктирүүгө багытталган.
Министрдин айтымында, ilim.kg платформасы жаш илимпоздор тууралуу маалымат интеграцияланчу жаңы системанын негизин түзөт. Маалымат базасына Улуттук илимдер академиясынын мекемелери, жогорку окуу жайларынын алдындагы 21 илимий мекеме, ошондой эле айыл чарба жана саламаттык сактоо министрликтеринин алдындагы илимий борборлор кирет. Мындан тышкары, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандык жаш илимпоздорду кошуу пландалууда. Проекттин ушул жылдын аягына чейин толук ишке киргизилиши күтүлүүдө.