Со Дон Хён: СФИТ «Тамчы» Кыргызстан экономикасынын өсүшүнүн драйвери боло алат

Түштүк Кореянын Serim компаниясынын башкы директору Со Дон Хён «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагында катталган биринчи инвесторлордун бири болду. Ачылыш аземинде ал бул окуяга катышкандыгына кубанычын билдирип, буга чейин ушул долбоордун капсуласын коюу иш-чарасында болгонун белгиледи.
Со Дон Хён аймакта заманбап институттук жана укуктук база түзүлгөндүгүн, бул Кыргызстандын экономикасынын келечекте 10 пайызга өсүшүнө жардам берет деген пикирде. Инвестор чет өлкөлүк компанияларга берилген жеңилдиктердин жана институттук колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, булар региондун өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.

Ал ошондой эле СФИТ «Тамчынын» ийгиликтүү иштешине жана өлкөнүн экономикасына кошкон салымына үмүт артып жатканын билдирди.
«Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын расмий ачылышы бүгүн Иссык-Куль облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө. Бул аймак Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы №136 мыйзамына ылайык түзүлгөн жана Иссык-Куль жээгинде 6 000 гектардан ашык жерди ээлейт. Резиденттер англис жалпы укук нормалары боюнча иштешет, аларга 49 жылга нөлдүк салык ставкасы жана кирешелерин толук кайтаруу укугу берилет. 2035-жылга чейин бул аймакта 3 900дөн ашык компания жайгаштырылып, 10 000ден ашык жумушчу орундар түзүлөт деп пландалууда.