Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында справкалар жана дипломдорду санарип форматка өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гулзат Исаматова «Кабарда подкаст» программасынын алкагында билдирди.
Министрдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги билим берүү мекемелери менен биргеликте студенттердин 086 формасындагы медициналык справкаларын жана окутуучулардын документтерин толук электрондук форматка өткөрүүдө. Бул маанилүү документтерди алуу жана сактоо процессин кыйла жеңилдеткен кадам.
«Электрондук системага эмгек китепчелери да киргизилет. Мындан тышкары, 2025-жылга чейин берилген бардык дипломдор «Түндүк» электрондук платформасына интеграцияланат», - деп кошумчалады Исаматова, бул демилгени билим берүү системасында санариптештирүү үчүн маанилүүлүгүн белгилеп.