Июль айында студенттер жана окутуучулар үчүн бирдиктүү санариптик маалымат базасы ишке киргизилет, бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гулзат Исаматова «Кабарда подкаст» программасында билдирди. Базаны түзүүнүн негизги максаты жогорку окуу жайларында билим берүү маалыматтарын башкарууну жакшыртуу болуп саналат.

Азыркы учурда ар бир университет өзүнүн автоматташтырылган маалымат башкаруу системасын (AVN) колдонуп жатат, ал студенттер, окуу процесси, лекциялар жана башка окуу материалдары тууралуу маалыматтарды сактайт. Бирок алардын модернизация деңгээли ар кандай: кээ бир жогорку окуу жайлары өз системаларын заманбап талаптарга ылайыкташтырса, башкалары эски платформаларды колдонууга улантууда.