Озгур айылында, «Күндү» дача участогунда, жергиликтүү тургундар үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо маселесин толук чечүү пландалууда. Бул маалымат 3-июлда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин калк менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда тургундар коомдук транспорт жана бала бакчасынын жоктугу сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Учурда дача участогунда 400дөн ашык адам жашайт.
Шаар башчысы ичүүчү суу менен камсыздоо долбоору даяр экенин жана курулуш иштеринин сентябрга чейин башталарын белгиледи. Алар аяктагандан кийин жергиликтүү тургундар сапаттуу ичүүчү сууну пайдалана алышат.
Мындан тышкары, Акаев 20 мектеп автобустары келип түшкөнүн, алардын бири «Күндү» дача участогунда жашаган балдар үчүн бөлүнөрүн билдирди.
Тургундардын маршруттук байланыштарды уюштуруу жана бала бакча куруу боюнча сунуштары тиешелүү шаардык кызматтарга кароого өткөрүлдү.