





Кыргызстанда чырак чыгаруу өндүрүшүн уюштуруу боюнча биргелешкен ишкана түзүү пландалууда. Бул демилге Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн Өзбекстанга болгон визити учурунда «Millenium light» ЖЧК заводунда айтылды. Визит компаниянын өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү, технологиялык процесстер жана чыгарылган продукциянын көлөмү менен таанышууга мүмкүндүк берди, ошондой эле товарлардын эл аралык сапат стандарттарына ылайыктыгын жана экспорттук потенциалын баалоого жардам берди.
Келишимдин негизги пункту өндүрүштү локализациялоо механизмдерин түзүү болду. Тараптар Кыргызстанда биргелешкен ишкана түзүүнүн мүмкүнчүлүгүн терең изилдөө керектигине келишти. Ошондой эле чырак чыгаруу продукциясын өлкөгө жеткирүү үчүн логистикалык маршруттар талкууланды.