Александр Поветкин мойну, Бишкекте рингге чыгууга кубаныч менен даяр болорун айтты

«Чындыкты айтсам, өзүма мушташкыма келет… бирок ар нерсеге өз убагы бар»



Олимпиада чемпиону жана белгилүү орус боксчусу Александр Поветкин Бишкекте өткөн эл аралык бокс кечесинен алган таасирлери менен бөлүштү. Ал бул иш-чаранын атмосферасы ушунчалык шыктандыруучу экенин белгилеп, кайрадан рингге чыгуу каалоосу пайда болгонун айтты.


«Чындыкты айтсам, өзүма мушташкыма келет. Мындай атмосфера, көп адамдар, бокс майрамы. Албетте, эмоциялар пайда болот. Бирок ар нерсеге өз убагы бар», — деп күлүп айтты Поветкин.


Спортчу ошондой эле жаш боксчулардын чыгыштарын кызыгуу менен байкап, бул спорттун өнүгүшүнө кубанарын белгиледи. Анын айтымында, жаңы спортчуларды колдоо маанилүү милдет болуп саналат.


«Бүгүнкү күндө эң маанилүүсү — жаш жигиттерди колдоо. Мындай турнилер аларга чоң мотивация берет. Алар толгон залды көрүп, көрүүчүлөрдүн колдоосун сезишет, эмнеге умтулууну түшүнүшөт. Дал ушундай кечелерде келечектеги чемпиондор туулат», — деп кошумчалады ал.


Поветкиндин пикири боюнча, көрүүчүлөр кызыктуу жана компромисссиз беттештерди күтүшү мүмкүн. «Көркөм, көрүнүштүү мушташтарды күтүп жатам. Спортчулар гана эмес, күйөрмандар да бар күчүн көрсөтүшү керек, анткени колдоо спортчу үчүн абдан маанилүү», — деди олимпиада чемпиону.


Эл аралык карьерасын жыйынтыктаганына карабастан, Поветкин спорттук кызыгуунун дагы эле сезилип жатканын мойнуна алды. «Канча жыл рингге чыгып жүрсөң, ошол эмоциялар сени менен түбөлүккө калат. Ошондуктан, мындай турнире барганда, каалагандай катышуучулардын арасында өзүн элестетесиң», — деп бөлүштү ал таасирлери менен.


Поветкин Бишкекке профессионал бокс кечесинин ардактуу коногу катары келип, жаш спортчулар менен жолугуп, журналисттер менен баарлашып, кыргыз боксчуларына дүйнөлүк аренада чоң ийгиликтерди каалады.


Сүрөт www