Араван районунда 49 жаштагы эркектин денеси табылды, ал өткөн күнү Ош шаарындагы каналга кулап кеткен. Бул тууралуу маалымат шаардык МЧС башкармалыгынан алынды.

Кырсык тууралуу билдирүү 2-июлда келип түштү. 1976-жылы төрөлгөн эркек киши Ош шаарындагы Набережная көчөсүндө жайгашкан Араван каналынан кулап кеткен.