Кыргызстанда рецептуралык дары-дармектер үчүн электрондук рецепттер системасын киргизүү, ошондой эле дары-дармекке милдеттүү санариптик маркалоону жана маанилүү медикаменттердин баасын жогорулаткандыгы үчүн айыппулдарды киргизүү сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоору азыркы учурда коомдук талкуу стадиясында, деп билдирет Азаттык.
Бул документ «Дары-дармектердин айлануусу жөнүндө» мыйзамга жана Жоруктар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет. Долбоордо Улуттук маанилүү медикаменттер тизмесиндеги дары-дармектерди мамлекет тарабынан белгиленген чектен жогору баада сатууга тыюу салынары жазылган.