Поветкин: Кыргызстанда даярдык өткөрүүгө даярмын

Александр Поветкиндин пресс-конференциясында кыргызстандык спортчулар менен биргелешип машыгуу өткөрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Олимпиада чемпиону жана мурдагы дүйнө чемпиону мындай демилгеге даяр экенин билдирип, Кыргызстан күчтүү машыктыруучулар жана таланттуу спортчуларга ээ экенин белгиледи.


Поветкин күлүп: «Эң негизгиси, менде берер нерсе болушу керек. Силерде да күчтүү машыктыруучулар жана жакшы спортчулар бар» деп кошумчалады. Бул идея тажрыйба алмашууга маанилүү кадам болуп, Кыргызстанда профессионалдык боксунун өнүгүшүнө көмөктөшө алат.


Сүрөт ццц