
16-июлдан 19-июлга чейин Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер үчүн уюштурулган Эл аралык кинофестиваль өтөт. Бул иш-чара ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толуусуна жана Кыргыз Республикасының аталган уюмдагы төрагалыгына арналган.
Фестивалге ШКУнун сегиз катышуучу өлкөсүнүн расмий делегациялары, ошондой эле киноиндустриянын өкүлдөрү жана профильдик уюмдардын өкүлдөрү катышат деп күтүлүүдө. Программада ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кинематографиясынын заманбап өнүгүшүн көрсөтүүчү көркөм фильмдердин көрсөтүүлөрү, ошондой эле 2025-2026-жылдарга карата улуттук кинону чагылдырган панорама камтылган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинооператор Кадыржан Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр пландаштырылган.
Кинофестивалдын алкагында ошондой эле киноиндустрияда кызматташуу, биргелешкен кино өндүрүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу маселелери талкууланган эл аралык тегерек стол өтөт.
Фестивалдын жеңүүчүлөрүн эл аралык калыстар тобу тандайт, ал эми жабылуу аземи лауреаттарды сыйлоо жана гала-концерт менен аякталат.