Бишкекте музыкалык кечелер ачык асманда «Ынтымак-2» паркында токтотулду

Бишкекте туруксуз аба ырайы себептүү ачык асмандагы музыкалык кечелер токтотулду. Бул тууралуу борбордун мэриясы маалымдады. Иш-чаралар 3 жана 4-июлда «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда өтүшү керек болчу.

Шаар бийликтери расмий билдирүүсүндө пайда болгон ыңгайсыздыктар үчүн өкүнүчүн билдирип, музыкалык кечелердин жаңы даталарын кийинчерээк маалымдай тургандыктарын убада беришти.