Бишкекте Юнусалиев көчөсүндө жашыл зона калыбына келтирилүүдө

Бишкекте Юнусалиев көчөсүндө, Анкара жана Койбагаров көчөлөрүнүн ортосундагы парктарды калыбына келтирүү боюнча иштер башталды. Шаардык мэрия бул участокто мыйзамсыз кире бериштер жана авто токтотуучу зоналар табылганын, бул шаар экологиясына терс таасир эткенин жана жашыл насаждаларды өнүктүрүүгө кыйынчылык жаратканын билдирди.

Учурда адистер жердин деңгээлин төмөндөтүү иштерин жүргүзүп, аймакты келечектеги жашылдандырууга даярдап жатышат. Иштерге "Бишкекзеленстрой" муниципалдык ишканасынан эки атайын техника жана он кызматкер катышууда.