Нарын облусунда 3-июлда VI Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын алдында уюштурулган «Биримдик кербени» өткөрүү аземи болуп өттү. Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров катышуучуларга ийгилик каалап, кербенге жергиликтүү аймактан чогултулган булагы суусун тапшырды.
Облус башчысы бул долбоор өлкөнүн бардык облустарын бирдиктүү максат менен бириктирип, элдин биримдигин символдойт деп белгиледи. Ал Нарын облусунун суусу ой-пикирлердин тазалыгын, элдин биримдигин жана аймактын тургундарынын бакубаттуулугун символдойт деп баса белгиледи.